ал мени итси деди итмин дедим
Байдылда Сарногоев Кала берди
Ал мени иттсин деди Итмин дедим
Ал мени итсин деди итмин дедим
Байдылда Сарногоев Аял аял
БОРЧЕНОВборсулдайт Байдылда Сарногоевдин чыгармаларын Борченов Урматтын аткаруусунда
Байдылда Сарногоев менин суйгонум
Байдылда Сарногоев Артымдан ээрчий басып калаберди
Байдылда Сарногоев МИДИҢГЕ КАТ Женишбек Жумакадыр
АЛЫКУЛ ОСМОНОВ ЫССЫК КОЛГО KG АКЫН CHANNEL ЮТЮБ КАНАЛЫ ЖАЗЫЛГЫЛА
Урмат Борченов Кызыл гүл Албайм гүлүңдү соолуган
Чыныбай Турсунбековду шантаж кылып акча талап кылган
сен мага уйротпо момбеков апенди айтпагын деди
Б Сарногоев Кала берди
Нурбекова Айгерм Сенсиз деле
Шымкенттің топырағын бетіңе шағып ал
Байдылда Сарногоевдин Мен жактырган күүлөр сенсиң чыгармасы
Играем в хуз ю деди
БУЛ БАЛАНЫ КЫЗДАР СУЙУП КАЛЫШТЫ ЫРЫН УГУП
Learn English Through Story Graded Reader Level 1 The Crown English Story With Subtitles
мен уялам эмнеден уялам
Какая бывает правда
Кеч күүгүмдө кечирим сурады
Мераб Это В Воздухе Merabh It S In The Air
Ведущий Урмат Борченов
КЫРГЫЗ КАЛПАГЫ Байдылда САРНОГОЕВ 21 02 20
леди Диана Ledy Diana 2
Толкундай бол Кыргызымдын жигиттери
DIMASH KUDAIBERGEN BATTLE OF MEMORIES REACTION Dimash Qudaibergen
Байдылда САРНОГОЕВ Сынчыга Кыргыз жигиттерине Кала берди 18 02 20
Оооууу зынк ыр болуптур Кыздар ай
Алыкул Осмонов Буконтай Эстей жур Асман
Dubsmash Тука акен жаман дедим ба
Мен эмнеден уялам 2017
THE HAPPIEST VIDEO I HAVE EVER MADE DIMASH JASMINE REACTION
Ринат Кадырбековтон жап жаны чыгарма Махабатым
Бердибек Жамгырчиев Кол жана сен поэзия
This Is UNREAL DIMASH THE DIVA DANCE
Урмат Борченовдон ачуу чындык азыркы замандын кыздары
Летний Ламповый стрим Отвечаем на вопросы
PLANTS VS ZOMBIES 2 LIVE
LAST DAY ON EARTH SURVIVAL FROM START PREPPING LIVE
Здесь Вы можете прослушать и скачать песни по запросу Ал Мени Итсин Деди Итмин Дедим в высоком качестве. Для того чтобы прослушать песню нажмите на кнопку «Слушать», если Вы хотите скачать песню или посмотреть клип нажмите на кнопку «Скачать» и Вы попадете на страницу с возможностью скачать песню, прослушать ее и посмотреть клип. Рекомендуем прослушать первую композицию Байдылда Сарногоев Кала берди длительностью 56 сек, размер файла 1.23 MB.
Ал мени иттсин деди Итмин дедим
Ал мени итсин деди итмин дедим
Байдылда Сарногоев Кала берди
Байдылда Сарногоев Аял аял
БОРЧЕНОВборсулдайт Байдылда Сарногоевдин чыгармаларын Борченов Урматтын аткаруусунда
Байдылда Сарногоев менин суйгонум
Кыз жана кызыл гул
Б Сарногоев Кыргызыма
Б Сарногоев Кала берди
Турсунбеков Ал мени итсиң деди деген принципке салып унчукпасам каралоо токтобой жатат
Супруга Камчыбека Ташиева надела серьги своей будущей келин
Асылбек Өзүбеков өмүр
Свадьба Сыныбек Эркайым
Маматкадыр Тиллебаев Ач козунду
мен уялам эмнеден уялам
Jumagul Rayyimjan Kyizyi Sen Dedim Super Kg
Ринат Заитов қазір қайда Не істеп жүр Толық жауап осы видеода Бәріміз көреміз
Мыктыбек Канышай 01
Байдылда САРНОГОЕВ Сынчыга Кыргыз жигиттерине Кала берди 18 02 20
БОРЧЕНОВ ШОУ жакында Асел Кадырбекова Малика Дина
Сьемки которые не удались Кыргызский Поэт
Ж Алыбаев Кечигип келдин неге Аткаруучу Б Токтобаев
Актриса Эркайым Абдулаева турмушка чыкты
ЭРКИНАЙ АБДИЛОВА САЛАМАТ ЖУР
Мидин Гулбарчын Свадебный ролик
Байдылда Сарногоевдин Мен жактырган күүлөр сенсиң чыгармасы
Канышай жашасын жергесинде закс
Айбек и Эркайым Vintage Studio
Мидин Алыбаев Кыз жана Гүл
Мидин Алыбаев 1999
Поэзия муноттору Жолуктум тоюн куну толугу менен
Байдылда Сарногоев Кыргыздын жигиттери
Сайкалдын видео топтому
Ото соонун окшотту созсуз корунуздор
Мидин Алыбаев Эстафета
Здесь Вы можете прослушать и скачать песни по запросу Ал Мени Иттсин Деди Итмин Дедим в высоком качестве. Для того чтобы прослушать песню нажмите на кнопку «Слушать», если Вы хотите скачать песню или посмотреть клип нажмите на кнопку «Скачать» и Вы попадете на страницу с возможностью скачать песню, прослушать ее и посмотреть клип. Рекомендуем прослушать первую композицию Ал мени иттсин деди Итмин дедим длительностью 46 сек, размер файла 1.01 MB.
Ал Мени Иттсин Деди Итмин Дедим
Jack Mabaso Feat Yung Ably Da Luba Figo Mluusician
This Beat Will Leave You Open Mouth Feat Well Nielzera
Мелодия Заката Саксофон Феликс Словачек
Theme For A Dream Jean Pierre Danel
Seven Seven One Well
Minha Raiz Wiu Well
Habibi Albanian Remix Ricky Rich Dardan
Walk Her Way Feat Amanda T Sugah
Open Mind Feat Aida Dj Andi
Lightworkers Magdy Haddad
K Psula Partyseum Old School Remix
Se Muere Dj Frank Master Joe
Un Hombre Normal La Sombra De Tony Guerrero
Old School Old School Samplers Version K Psula
El Que Tenía Que Llegar Dj Frank Tempo
Act Right Feat Dope Boy Cisko
Ой Рябина Ты Рябина Гр Балалайка 62
No Siento Miedo Dj Frank Mc Yagga
Keleş 4 Feat Turko Beat Kejoo Beats
Баска Жанга Кимагасын Кызганып Киналасын
Soorathaye Jadid Feat Siavash Rad Sepehr Khalse
Sinfonietta Op 54 Iv Vivace
I Hate The Fact Your A Long Whiles Away Bio Pic
Поэтерапия: «Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим. Тек гана терикпестен күлүп туруп»
14-январь Кыргыз Эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын жана 1-даражадагы «Манас» орденинин ээси Байдылда Сарногоев жарыкка келген күн. Ал 1932-жылы Талас районуна караштуу Буденовка айылында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.
1956-жылдан «Ала-Тоо» журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959-1973-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.
Биринчи поэтикалык жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Байдылда Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы «Ашуудан берген отчётум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун Алыкул Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.
1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпүрө» сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.
1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон.
1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген.
«Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.
Кыргыз эл акыны Байдылда Сарногоев 72 жаш курагында узакка созулган оорудан улам каза болгон. Ал тирүү болгондо 14-январда 89 жашка чыкмак. Мындан улам SUPER.KG порталы акындын ырларын окурмандарга сунат.
КАЛА БЕРДИ
Ал мени итсиң деди. — Итмин — дедим.
Тек гана терикпестен күлүп туруп.
Не кылам жаман айтып жаакташып
Мен анын ит экенин билип туруп.
Ал мени эшек деди, — Ооба — дедим.
Болбосо шылдыңдоого жетет тилим.
Не кылам ажылдашып, кажылдашып
Мен анын билип туруп эшектигин.
Ал мага албууттанып жана берди
Сөздөрү жийиркентип кара жерди.
Ролун эки айбандын бир аткарып
Артымдан ээрчий басып кала берди.
ЖАШТАРГА
Жаштык кез жаңы кийимдей,
Эскирсе калган кийилбей.
Боз улан бойдон турбассың
Болжолу өтөт билинбей.
Кыярса калбас күбүлбөй,
Кырчын кез тоонун гүлүндөй.
Кыз бойдон дайым турбассың,
Кызык кез өтөт билинбей.
Күнүмдүк сени жандаган,
Күлгүн чак келбейт кайрадан.
Элирбей жаштык кезиңди
Эс-акыл менен пайдалан.
“Күүлөнөт күлүк күнүндө,
Туйлайт,–дейт–тулпар тушунда”.
Турмушка өчпөс из калтыр
Туягың бүтүн учурда.
БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!
Узак мезгил сиңип келген сезимге,
Урук, уруу керек чыгар кезинде.
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар.
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.
Эл байлыгын не кылсам да өзүмө.
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!
Байдылда Сарногоевдин кызы Гүлсана Сарногоева учурда алыскы Италия өлкөсүнүн Фолиньо деген шаарында жашайт. Ал буга чейин SUPER.KG порталына маек берип жатып, атасын төмөнкүдөй эскерген.
«Ыр жазгандан сырткары комуз черткенди абдан жакшы көрчү. Кайгылуу күү черткенден кийин көпкө чейин биз менен сүйлөшпөй, иш бөлмөсүндө отура берер эле. Балким терең ойго батып, башынан өткөн бир кайгысын ойлоп жатса керек деп калчумун.
Шаңдуу күү черткенден кийин бизди чакырып, ар кандай жанды жыргаткан сөздөрдү айтып берчү. Мындан улам атакем күүлөрдү маанайына карап тандап чертет деп ойлоп калчумун. Атам экөөбүз анын иш бөлмөсүндө түшкөн сүрөттү таберик сүрөт деп эсептейм».
Азыркы тапта Гүлсана Сарногоева акындын ырларын көркөм окуп, элге жеткирүү аракетинде.
Байдылда Сарногоев акындын ыр дүйнөсүнө саякат
Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас облусундагы Буденовка кыштагында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көрөт.
Кыргыз тилиндеги жыйнактары:
Досторума: Ырлар. 1955. Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. 1956.
Баяс: Ыр менен жазылган повесть. 1956.
Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. 1961.
Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. 1966.
Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. 1968.
Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. 1970.
Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. 1972.
Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар., 1973.
Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. 1974.
Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1982.
Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. 1982.
Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1984.
Орус тилиндеги жыйнактары:
Баяс: Стихи и поэма. 1958.
Горячее озеро: Стихи. 1958.
Гнездо сокола: Стихи, поэма 1987
Эхо в зрачках: Стихи, поэмы 1988.
1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.
Улутчул дешет билбеген,
Улутун кимдер с үйбөгөн.
Кызыл эт кезден торолтуп
Кыялым көккө күүлөгөн,
Кыргыз деп келгем дүйнөгө
Кыргыз деп өтөм дүйнөдөн.
Толкундап бийик үн менен
Топтошуп алып сүйлөгөн,
Токсон миң тоскоол болсо да
Топончо көрбөй үйлөгөн.
Достук деп келгем дүйнөгө
Достук деп өтөм дүйнөдөн.
Байыртан болгон билими,
Байыртан болгон илими
Элдерди мактап өзүңдү
Алардын кылба кийини.
Кылымдар ачпай сабатты,
Кармабай калем, кагазды.
Караңгы болуп жүрсөң да,
Мекендеп түрлүү тарапты.
Мен туулган доорго жеткирдиң
Мээңе сактап «Манасты».
Эзелден ачпай сабатты,
Эч билбей калем, кагазды.
Кой менен кошо жүрсөң да
Конуштап түрлүү тарапты.
Түптүгөл бизге жеткирдиң,
Тилиңе басып «Манасты».
Мактагым келет күндө эле,
Басынтып өзүң сүйлөбө.
Эпосун ойдо жат билген
Элдер аз сендей дүйнөдө.
ЭЛГЕ КАЙРЫЛУУ
Жебедей учсам дечү элем
Жел менен кошо сызыла
Жеңил баа кылдым өзүмдү
Жете албай максат учуна.
Желбей да калдым бир топ жыл
«Жем» түшүп кетип бутума.
Жеңил баа жагым жел айдап,
”Жем” түшкөн бутум айыкты.
Жакшылап чуркап бергим бар,
Жакынбы мараң алыспы.
Саяпкер элим таптап көр
Сагынып калдым жарышты.
Жаман ыр жазсам күйүнтүп,
Каргасаң дагы сен карга.
Жакшы ырды жазсам сүйүнтүп
Жалгасаң дагы сен жалга.
Булбулсуң — десең мен булбул
Каргасың — десең мен карга.
БИР ЖАКАДАН БАШ ЧЫГАР
Кыргыз элин өз элим деп айтчулар,
Кыргыз жерин өз жерим деп басчулар,
Бытыранды урууларга бөлүнбөй
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!
Узак мезгил сиңип келген сезимге
Урук, уруу керек чыгар кезинде.
Башыңда ой майдаланып баратса
Манас деген бабаң турсун эсиңде.
Эл баалаган, эл шайлаган жакшылар
Элдин мүлкүн оп тартпасын алкыңар.
Так жүрсөңөр, ак жүрсөңөр ар иште
Дал ошончо көтөрүлөт баркыңар.
Эл байлыгын не кылсам да өзүмө.
Алам деген, жулам деген кезиңде,
Жаңы гана бешке чыккан өлкөбүз
Жаш балаңдай дайым турсун эсиңде.
Эмгекчи эл. Эл ичинде башчылар
Кай бириң карт, кай бириңер жашсыңар.
Ыйман менен, ызат менен, иш менен
Бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгар!
ТООЛУКТУН ПЕЙЛИ
Коноктон эч бир жадабас,
Колунда барын аябас,
Тоолуктун жоомарт пейли бар,
Толкуган көлгө чамалаш.
Самасаң барып коносуң
Сайрандап, дуулдап оңосуң.
Сары май, этин, кымызын,
Сат десең уят болосуң.
Атайлап көрбөй камылга,
Акчасыз, барам айылга
Аш менен атым дапдаяр,
Ак калпак кыргыз барында
КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИНЕ
Толкун болот деңиздин күчтүү жери,
Толкундай бол кыргыздын жигиттери.
Токсон-тогуз өнөрдүн ээси бол деп,
Тоолук эне төрөгөн сени, мени.
Чоку болот тоолордун бийик жери,
Чокудай бол кыргыздын жигиттери.
Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,
Чоң атабыз үйрөткөн сени, мени.
Көрдүңөрбү орустун уландарын
Көздөрүнөн тынымсыз жанат жалын.
Арабызда андайлар болсо дагын.
Бош байлаган боо сымак жүрбөй дайым
Үйрөн тынбай улуу элдин ушул жагын.
КИМ МЕНЕН
Көчөгө чыксаң кол бошто
Жанында жарым сом жокто
Айттырбай билген сырыңды
Айланса болот жолдошко.
Кайнаган ичте сыр жатса,
Кайгылуу же бир муң басса
Кайратын айтып кенешкен
Кагылса болот курдашка.
Тең тартып жалгыз чылымды,
Тең бөлүп сокур тыйынды
Жүрөлүк, жолдош курбулар
Көтөрбөй көккө мурунду.
Адамдын көөнү гүл деген,
Акылсыз аны билбеген.
Жалгыздап жүрсөк бөлүнүп
Жашайбыз жыргап ким менен.
БИЛБЕДИМ КАНДАЙ КҮЧ БАРЫН
Жай салып жайык талаага,
Жактырсам дагы жашоону.
Жарым күн тоону көрбөсөм,
Жармашат мага баш оору.
Түз жердин суусу дудук суу,
Кусасы арбып кулактын,
Сай-сайдан сайрап ырдаган,
Сагынам үнүн булактын.
Алыска жөнөөр кезимде,
Алгансып бирөө артыман,
Ак мөңгү жакка негедир,
Айланчык болуп тартылам.
Козголбой жаткан кени көп,
Көп билем кокту, жондорду,
Темирди тартчу магнит,
Адамды тартчу болгонбу.
Көрбөсө жашыл жайлоосун,
Көөдөндө жанар жүз жалын,
Бул биздин ак баш тоолордо,
Билбедим кандай күч барын!
АЛА-ТОО
Кагылам сенден, Ала-Тоо,
Кан-жаным сага бирге, бил.
Кайратым артат миң эсе,
Караанын көрсөм күндө бир.
Алтындан ичик жасатып,
Арнасам деймин күнүгө.
Сыйлаар элем коноктол,
Сыйгандай болсоң үйүмө.
Байыртан кыргыз уулуна,
Майкөл, сүткөл апасың,
Манасын баштап эмсек да,
Байыбай келе жатасың.
Энесин бүткөн ырыска,
Эр жигит, сулуу кызга бай.
Түн күзөп бешик терметип,
Турганын турган уктабай.
Түйшүктү тартып көп кылым,
Тууганын жетет асырап.
Түн күзөйт эми балдарың,
Тук этип алчы азыраак.
АРАКЕЧ ДОСКО
«Ак молдо» деп айтпай жүрчү аракты,
Арак качан «молдомун» — деп сага айтты.
Адегенде ат маанисин түшүнгүн
Ал аракты биздин завод жаратты.
Айтпай жүрчү «жинди суу» деп аракты,
Арак качан «жиндимин» — деп сага айтты?
Кагылайын шыңгыта кет мени — деп
Канча жолу кадыр салып жаратты?
Каалабасаң, капаланып ал арак —
Картайганча сүт ичип жүр дейт белем.
Каалабасаң, капаланып ал арак —
Куубайт сени, кулап түшүп текчеден.
Ичкилик да, тамак дагы чек менен,
Ичи көбөт этти деле көп жеген,
Ашык ичип акыл-эсин жоготкон
Анык жинди сенсиң го деп шектенем.
«Азгыргыч» — деп айтпай жүрчү аракты,
Арак качан «азгырам» — деп сага айтты.
Айып сенде, айтпай жүргүн жинди деп
Ал аракты биздин завод жаратты.
АКЫН ДОСУМА
Кыргызым, деп айтаар элен,
Казагым, деп айткандай.
Кыргыз даамын татаар элен,
Казак даамын таткандай.
Кыргыз үйдө жатаар элең,
Казак үйдө жаткандай.
Фрунзени сүйөөр элен,
Алма-Атаны сүйгөндөй.
Көчөсүндө жүрөөр элен,
Өз көчөңдө жүргөндөй.
Акын досум амансыңбы,
Неге кеттиң бир келбей?
Таарындыңбы, айтчы мага
Сен агасын, мен ини.
Кыргыз кыздар кокус сага,
Буурул чачсын дедиби?
Кымыз бербей суусаттыбы
Кызыл көйнөк келини?
Казак кайсы, кыргыз кайсы,
Эгиз өскөн улут да.
Жууркан кылып жашап келген,
Оронушуп булутка.
Эгиз элдин уулу болсоң,
Экөөнү тең унутпа!
Мен эсенмин. Бирге жүргөн,
«Ак сулуудан» айрылгам.
Махабаты терең экен,
Терең жерди жай кылган.
Аз-аз жерден чөгө жаздап,
Аман калды Байдылдаң.
Сагындым го, сагынттың го,
Сагынсын деп атайын.
Саламатпы, дени сакпы,
Баардык бала-чаканын?
Кайда жүрсөң аман жүргүн,
Кыргыз мурун казагым.
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Энекем эптеп төрөп койсо керек
Кыргызда көбөйсүн деп адам саны.
Китепте ырларымдын начары көп,
Күйпөктөйм элге жетпей жатабы деп.
Кез-кезде көк базарга бара калам
Соодагер наспай ороп сатабы деп.
Чынында чыгарманын чатагы көп,
Жакшысын жаратуунун азабы көп.
Кез-кезде айылга да бара калам
Кээ бирөө кесип, айрып жатабы деп.
Мен киммин, мен бир акын жаман сары,
Колунда койкоңдогон калам сабы.
Кылган иш, ырым менен кубантсам дейм
Кыргызды, кыргыз сүйгөн замананы.
ЭЛҮҮ ЖАШ
Метрикам жок, так чыктымбы элүүгө
Мезгили өтүп калп чыктымбы элүүгө.
Айтор билбейм. атам, энем өлбөсө
Айтып бермек менин жашым жөнүндө.
Кайсы жылы, кайсыл айда төрөлгөм,
— Билбеймин — дейт сурап көрсөм жеңемден.
Кайдан билсин, мен оозанып жатканда
Он бештеги келин экен кедейген.
Не болсо да жашсыз адам болобу.
Мен өзүмдү байкап көрүп оболу,
Болжоп туруп коюп алгам датасын
Же төмөндүр, же кеткендир жогору.
Чынбы, калппы, чыктым эми элүүгө
Кайтты жаштык, калды элеси көңүлдө.
Уул үйлөнтүп, кыз узатып үйүмдөн
Неберем бар, кайнатамын келинге.
Менин бактым, менин баркым элимде
Мен даярмын элиме иштеп берүүгө.
Карт акын — деп айтса дагы кай бирөө
Халтурщик — деп айтпаса экен өмүрдө.
Кана эмесе, эр ортону элүү жаш
Кайра келбейт мен өткөргөн элүү жаз.
Алтымышка аттангыча бир болуп
Аз сүйдүрүп, көп жаздырып көңүл ач!
Сүрөтчү колу чебер го,
Сүрөтчү ою терең го.
Бир жылдыгын ойлобой,
Миң жылдык камын жеген го.
Тургузсам кары акындын,
Буттары талыйт деген го.
Жамбашы жадап бүттү эле,
Көп болуп түрмө, түпкүрдө.
Ойлонуп Током ырларын,
Олтурат таштын үстүндө.
Мындан да шаңдуу көрүнмөк,
Олтурса аттын үстүндө.
Ар бир жылдын өз алдынча даңкы
бар,
Ар бир айдын өз алдынча баркы
бар.
Күлүп-жайнап гүлдөгүлө
жалпыңар
Куттуу болсун сегизинчи мартыңар.
Ким жалбарбайт аял деген
атыңдан,
Ким айланбайт эне деген асылдан!
Сенин даңкың, сенин баркың
ченемсиз
Сенден чыккан улуу Ленин
акылман.
Силер бизге Күн да болуп, Ай
болуп,
Силер бизге эне болуп, жар болуп,
Жүргөн үчүн жүзүңөрдү
жаркытып,
Силер менен биз жүрөбүз бар
болуп.
Силерге айтаар өтүнүчүм, талабым,
Ыксыз болсо кечиргиле а жагын…
Келжиреген кем акылын сейрек
тууп
Эстүүлөрүн көп туугула баланын.
Силер менен гүлдөп өстү заманым,
Силерге мен коер да бир талабым,
Жатып ичер жалкоолорун сейрек
тууп
Эмгекчилин көп туугула баланын.
Оо аялдар, бирөөң жыттуу миң
гүлдөн
Сулуусуңар суктандырып
сүйдүргөн.
Эриш-аркак кайда болсо ээрчишип
Эсен болсун эркегиңер бир жүргөн.
БИРӨӨГӨ
Биздин кымбат буурул чачтуу
акындар,
Мээси тунук, бермет сөздүү
асылдар.
Мезгилинде дүлөй түндү
суйкайтып,
Дүбүртүнө тизе бүккөн ашуулар.
Эл намысын желек кылып
булгалап,
Эли менен максатына шыр карап.
Таш көлкүлдөп лирасына
алардын
Жазга айланган кышта жаачу
бурганак.
«Талантмын» деп көөдөн керип
көлөктөп,
Тамчы суудай жылып аксан сен
эптеп,
Учурунда кара нөшөр сыяктуу,
Алар төккөн алтын ырын
көнөктөп.
Эки сөздүн башын жөндөп кура
албай,
Эрдемсийсиң акынмын деп
уялбай.
Өзгөлөргө сын такканын
койсоңчу,
Өзүн жатып жумурткадан чыга
албай.
Байдылда Сарногоев 1932-жылы Талас облусундагы Буденовка кыштагында туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарында орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М.Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн. Биринчи ырлар жыйнагы «Шумкар» деген ат менен 1952-жылы жарык көрөт.
Кыргыз тилиндеги жыйнактары:
Досторума: Ырлар. 1955. Бала мерген: Ырлар жана поэмалар. 1956.
Баяс: Ыр менен жазылган повесть. 1956.
Ак калпак: Ырлар жана поэмалар. 1961.
Тоолор жана тоолуктар: Ырлар, поэмалар. 1966.
Үзүлбөгөн үмүттөр: Ырлар жана поэмалар. 1968.
Сүйлөшүү: Ырлар, поэмалар, термелер. 1970.
Менин батпас күнүм: Ырлар, поэмалар, котормолор. 1972.
Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар., 1973.
Тандалган чыгармалар: Ырлар менен поэмалар. 1974.
Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1982.
Таалай өлбөйт: Поэмалар, ырлар. 1982.
Ашуудан берген отчетум: Ырлар жана поэмалар. 1984.
Орус тилиндеги жыйнактары:
Баяс: Стихи и поэма. 1958.
Горячее озеро: Стихи. 1958.
Гнездо сокола: Стихи, поэма 1987
Эхо в зрачках: Стихи, поэмы 1988.
1986-жылы «Ашуудан берген отчетум» аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар Союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон. 1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Б.Сарногоевге Казакстан Республикасынын эл аралык «Алтын көпир» («Золотой мост») сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы «Байдылда» аттуу жыйнагы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына татыган. 1951-жылдан СССР Жазуучулар Союзунун мүчөсү болгон. 1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны» ардактуу наамы берилген. «Эмгектеги артыкчылыгы үчүн», В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, «Каарман эмгеги үчүн» медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы «I даражадагы Манас» ордени менен сыйланган.